Четверг, 2 мая

Кыргыз-Түрк ооруканасы: көрсөтүлгөн кызматтар кымбаттаган жок

0

Бишкек Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасы кээ бир ММКларда ооруканада баалардын көтөрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар чыккан, мунун чындыкка дал келбегинин маалымдады.

Оорукананын ММКларга таратылган маалыматта мындай делет:

“Бишкек Кыргыз-Түрк Достук мамлекеттик ооруканасында баалар көтөрүлгөн жок. Тескерисинче, жалпы хирургиялык операциялардын баалары төмөндөтүлдү. Ошондой эле, оорукана иштей баштагандан бери медициналык кызматтардын баасында эч кандай өзгөрүү болгон жок.

Бүгүнкү күнгө чейин ооруканада 34 ачык жүрөк операциясы, 273 бейтапка жүрөк тамырларынын коронарографиясы жасалып, 287 бейтапка стент коюлган.

Операциялардын баасы жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоого багытталган Кыргызстандагы башка мамлекеттик жана жеке клиникаларга караганда кыйла арзан. Стент коюу бейтаптын абалына жараша болжол менен 50 000 (элүү миң) сомду түзөт.

Буга кошумча ооруканада компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген аппараттары, гастроскопия, колоноскопия, эхокардиография боюнча адистер жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.

Аталган оорууканада тубаса жүрөк оорусу менен ооруган Кыргыз Республикасынын жараны 29 жаштагы пациентке Марфан синдрому, Вальсальва синустарында олуттуу аорта аневризмасы, аорта клапанынын (NYHA) толук функционалдуу иштебей калышы диагнозу менен 2022-жылдын 8-февралында Түркиядан келген  кардиохирургдар бригадасы тарабынан профессор Мете Хыдыроглунун жетекчилиги алдында операция жасалды.

Жүрөгүнүн иштөө фракциясы 20-25% болгондуктан, Кыргызстандын бир дагы ооруканасы кабыл албаган аталган бейтап, биздин ооруканада жасалган ийгиликтүү операциядан кийин үйүнө чыгарылды.

Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин макулдугу жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ооруканада 40 жаштан жогорку курактагы аялдарга акысыз маммографиялык текшерүү жасалды. Бул иш-чаранын алкагында 150гө жакын аял заманбап жабдыктардын жардамы менен бекер текшерүүдөн өттү.

Учурда ооруканада Түркиядан 64, Кыргызстандан 58 медицина кызматкеринен турган жалпысынан 122 киши кызмат көрсөтөт.”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз