Пятница, 19 апреля

Жаан дагы кайсыл аймактарда уланаары айтылды

0

Бүгүн, 25-мартта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 8…13, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 5…10 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 12…17 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 11…13 градус болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз