Пятница, 19 апреля

Манас университетинде зыяндуу диний топтордун ишмердүүлүгү талкууланды

0

Кыргыз-түрк Манас университетинде Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан зыяндуу диний топтор тууралуу жыйын болуп өттү. Манас университетинин теология факультети тарабынан уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын жана Түркиянын дин тармагы боюнча илимпоздору катышты.

Илимий конференция учурунда ФЕТО сыяктуу радикал топтордун динди жамынуу менен адамдарды кандайча колдонгону, жашыруун иш-аракеттерди уюштурганы жөнүдө айтылды. Алардын аят жана хадис сыяктуу диний булактарды бурмалоодогу методдору, диний лидерлерине ыйыктык сыпаттарды жүктөөсү, ошондой эле мусулмандардын мүмкүнчүлүктөрүн өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кандай колдонушаары жөнүндө илимий далилдер көрсөтүлдү.

Кыргызстанда 3 миңге жакын диний уюм катталган. Андан сырткары 20га жакын топко соттун чечими менен тыйуу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз