Четверг, 2 мая

Ошто жылуулук берүү качан токтотулары айтылды

0

Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа жетекчилиги билдирди.

Ош шаарында кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койгон.

«Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта Ош шаарынын аймагында жылуулук өчүрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз