Пятница, 5 июля

Өзбекстан менен Түркия соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирет

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Ташкентке расмий иш сапары менен барды. Эрдоганды Мирзиёев Көк Сарайда расмий азем менен тосуп алды.

Расмий тосуп алуу жана делегациялардын тааныштырылышынан кийин Эрдоган менен Мирзиёев жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү. Эки лидердин жолугушуусу басма сөзгө жабык өттү.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешменин жыйыны өткөн соң эки өлкөнүн ортосунда он келишимге кол коюлду. Лидерлер келишимдерге кол коюлган соң биргелешип маалымат жыйынын өткөрүштү.

Эрдоган: «Биздин соода көлөмүбүз былтыр 3,6 миллиард доллардан ашты. Эң кыска убакытта 5 миллиард долларга жетебиз деп жатабыз. Ошондо биз муну менен эле токтоп калбай, чекти 10 миллиард долларга чейин көтөрөбүз. Биз бул кадамдардын баарына тыкыр байкоо жүргүзөбүз», — деди.

Маалымат жыйынынын аягында Эрдоган: «Алдын ала Рамазан айынын бүткүл ислам дүйнөсү үчүн берекелүү болушун каалайм», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз