Вторник, 7 мая

Гөксу: Дүйнөлүк басылмалар Түркия тууралуу маалыматты бурмалап берүүдө

0

“Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары геосаясий кызыкчылыктарынын айынан көбүнесе Түркия тууралуу маалыматты бурмалап беришет”- деп айтты Түркия президентинин Маалыматтык саясат бөлүмүнүн кеңешчиси Огуз Гөксу. Ал дүйнөлүк басылмалар ар башка өлкөлөр жөнүндө жаңылык жана макала сыяктуу материалдарды даярдашаарын, бирок Түркия жөнүндө даярдалган маалыматтардын 49 пайызынын бурмаланып жасалганын айтты.

Бишкекте Кыргыз түрк Манас университетинде өткөн жыйында санариптик медиа боюнча маалымат берген Огуз Гөксу жаңы коммуникациялык каражаттар маданият, саясат, экономика сыяктуу коомдук жашоонун бардык тармактарында негизи ролду аткара баштаганын, андыктан санариптик маалымат даярдоо жана аны таратуу маанилүү максат болушу керек экенин баса белгиледи.

“Жаңы коммуникация технологиялары жана медиа” деген аталыштагы жыйынга Кыргызтелерадио корпорациясынын жетекчи орун басары Уланбек Сатиев, Кыргызфильм киностудиясынын жетекчиси Акжол Бекболотов, Түркия радио жана телевидение уюмунун ТРТ Хабер каналынын координаторунун орун басары Зихни Огуз Акын сыяктуу медиа жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз