Вторник, 30 апреля

Израиль 12 палестиналыкты камакка алды

0

Израиль күчтөрү  оккупациядагы Батыш Шериада араларында Хамастын бир башкаруучусу да болгон 12 палестиналыкты камакка алды. 

Палестинанын расмий маалымат агенттиги  WAFAнын кабарына караганда камоолор Бейтуллахим, Рамаллах, Наблус жана Женин шаарларында болду. 

Туткундар маалымат борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кармалгандардын арасында Хамастын башкаруучусу жана мурдагы депутат Ахмед Атундун да бар экени белгиленди.

Оккупациядагы Батыш Шериада жана Чыгыш Иерусалимде үйлөрдө тез -тез тинтүү жүргүзгөн  Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоо менен палестиналыктарды камоодо.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан айрымдары көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз