Вторник, 23 апреля

Орозодо кыйналбаш үчүн кантип тамактанабыз?

0

Орозо айы күн ысыган учурга дал келди. Андыктан орозо кармагандар суусап кыйналышы мүмүкүн. Өзгөчө жашы улгайып калган же болбосо кандайдыр бир оорусу бар адамдардын орозону кармоосун жеңилдетүү маанилүү.

Андыктан Kyrgyz.News басылмасы катары окурмандарга адистердин сунуштарын жыйнадык:

  1. Сөзсүз түрдө ооз бекитиңиз. Ифтарда жеген боюнча тамак жебей узун убакыт ач болуу организмиңизге терс таасирин тийгизет.
  2. Күн ысык болгон үчүн ооз бекитээрде табитиңиз жок болсо, жеңил жана оңой аш боло турган тамактарды жеңиз. Ооз бекитээрде жумуртка, быштак, сүт, кара нан, анын аркасынан жаңгак жесеңиз болот.
  3. Ооз бекитээрде туздуу тамак жебеңиз. Ал эми таттуу же болбосо камыр тамактар курсагыңызды көбұрөөк ачыраарын унутпаңыз.
  4. Ифтарда баарын жесе болот деген түшүнүк туура эмес. Ифтарда жеген тамак сизди ооз бекиткенге чейин, керек болсо андан кийин да кыйнашы мүмүкүн.
  5. Ифтарда алгач суюк тамак ичиңиз. Андан соң салат жеп бираз күтүп туруңуз. Жок дегенде жарым сааттан кийин эттүү же болбосо май кошулган тамак жесеңиз болот. Ифтарда дасторкондо компот, чалап же айрандын да болуусу жакшы болот.
  6. Ооз ачкандан кийин таттуу бир нерсе жегиңиз келсе, сөзсүз эле шекер кошулган нерселерди жешиңиз шарт эмес. Эң жакшысы мөмө-жемиш жеңиз бул учурда.
  7. Ифтардан кийин столдо көп отурбаңыз. Туруп ары-бери басыңыз, үй-бүлөңүз менен сейилдеңиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз