Пятница, 19 апреля

Бучадагы кыргын үчүн Путин жоопко тартылышы мүмкүн

0

Украинда орус аскерлеринен бошотулган Буча шаарында ондогон жайкын тургундун сөөгү табылды. «Франс-пресс» агенттигинин журналистери тарткан видео, сүрөттөрдөн Буча шаарындагы бир эле көчөнүн ар кайсы тарабында жаткан адамдардын сөөктөрүн көрүүгө болот. Айрымдарынын колдору байланган боюнча өлтүрүлгөн. Мындай сүрөттөрдү «Рейстерс» агенттиги да таратты.

Буча шаарынын мэри Анатолий Федорук шаардын 300дөй тургуну өлтүрүлгөнүн, алардын 280и бир жерге көмүлсө, башкаларынын сөөктөрү көчөдө эле калганын айтты. Орус бийлиги азырынча мындай айыптоолорго комментарий бере элек.

Украин бийлиги дагы бир жолу Орусиянын президенти Владимир Путиндин согуш кылмышы үчүн жоопко тартылышы керек экенин кайталады. Айым эксперттер ушуга чейинки чогултулган далилдер орус бийлиги үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин айтышууда. Бучада да далилдер топтолуп жатканы маалым болду.

Мурдараак Украина Орусияга каршы Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотуна кайрылган. Украин бийлиги Орусиянан кол салуусун тукум курут деп таанууну талап кылууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз