Орозо айынын биринчи күнүндө Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги борбор калаа Бишкектеги борбордук «Имам Сарахси» мечитинин короосунда ооз ачаар уюштурду. Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчилиги уюштурган ифтар дасторкону аялдар жана эркектер үчүн өз-өзүнчө жайылды.
Шам намазынан кийин жамаат үчүн мечиттин короосунун эшиктери ачылды. Ифтарда суу, эттүү палоо, салат, курма жана алма берилди. Түркия Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышуучуларды Рамазан айы менен куттуктады.
Ошол эле күнү Түркиянын Диянет фонду жана Германиядагы түрк мусулмандар биримдиги «Имам Сарахси» мечитинде муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты. Май, ун, күрүч, чай сыяктуу азык-түлүктөр атайын тизмеге ылайык берилди.