Суббота, 23 ноября

Түркия жанкечти учкучсуз учактардын өндүрүшүн көбөйттү

0

Түрк куралдуу күчтөрүндө КАРГУ делген жанкечти учкучсуз учуучу аппараттардын саны көбөйүүдө. Түркиянын президентине караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Түрк куралдуу күчтөрүнө кезектеги KARGU Portable Rotary Wing Striker учкучсуз учуучу аппараттарынын тапшырылганын айтты.

Исмаил Демир STM Defence Technologies Engineering and Trade AŞ (Incorporated Company) тарабынан чыгарылган системанын сүрөттөрү менен жеткирүү процесси тууралуу маалымат берди. Ал: «КАРГУну жеткирүүнү улантуудабыз. Операция жаатында коопсуздук күчтөрүбүздүн колун бекемдеген КАРГУнун Түрк куралдуу күчтөрүнө жаңы тапшырыктарын жасадык. Ийгилик каалайбыз», — деп айтты.

«Камикадзе учкучсуз учуучу аппарат» деп аталган КАРГУнун өзгөчөлүктөрү таанытылган видеодо бул системанын учуу убактысынын көбөйтүлгөнүнө, учуп чыгуучу бийиктигинин жогорулаганына, үнүнүн азайганына көңүл бурулуп тез, шамдагай, акылдуу жана күчтүү экени белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз