Суббота, 18 мая

«Кыргыз алтынга» жаңы жетекчи келди

0

Жарасул Абдураимов «Кыргыз алтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Абдураимовду эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.

Компаниянын жаңы жетекчиси 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июлуна чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келген.

Абдураимов 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз