Суббота, 4 мая

ЕБ Орусияга каршы жаңы санкция киргизет

0

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Орусияга каршы жаңы санкциялардын үстөлдө экенин билдирди.

Боррель Люксембургда өткөрүлгөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

24-февралда Украинага согуш баштаган Орусияга мунай эмбаргосу альнернативасы тууралуу суроого Боррель санкциялардын ар дайым үстөлдө экенин, министрлердин жаңы кадамдарды талкуулай турганын айтты.

Боррель Украинага жасаган сапарынын натыйжасында орус күчтөрүнүн Донбасты көздөй багыт алганын байкаганын билдирди.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 24-25-марттагы Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча баа беришет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз