Пятница, 22 ноября

Видео. Баткендеги ок атышуу токтоду

0

Учурда кыргыз-тажик чек арасында ок атуу толугу менен токтотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, абалды курчутуп жибербөө үчүн тиешелүү иштер аткарылып жатат.

“Түнү менен болсо дагы чек арачылар, жергиликтүү бийлик менен менен жолугуп, чек арадагы чырдын чыгуу себебин аныктап, жергиликтүү тургундарга тынчтыкты сактоо боюнча жумуштарды алып барабыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз