Четверг, 9 мая

Баткен: Чек арада абал туруктуу

0

2022-жылдын 14-апрелине карата Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу, түн тынч өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев, чек ара кызматынын директору У. Шаршеев жана УКМК төрагасынын орун басары А.Шаменов Лейлек районунда өз иштерин алып барышууда.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз