Суббота, 27 апреля

Бишкекте күрөш боюнча U17 жана U23 Азия чемпионаты бир учурда өтөт

0

Бишкекте 23 жана 17 жашка чейинки спортчулар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтө турганын КРдин Күрөш федерациясы билдирди.

Эки жаш категориясы боюнча континенталдык чемпионат биринчи жолу бир мезгилде өткөрүлүүдө. Чемпионаттын алкагында беттештер 19-июндан 26-июнга чейин «Бишкек Арена» муз аянтчасында болот.

Маалым болгондой, Бириккен күрөш дүйнөсү Кыргызстан алдыда боло турган турнирлердин уюштуруучусу экени тууралуу катты бүгүн жолдогон.

Чемпионатты Бишкекте өткөрүү чечимин КР Күрөш федерациясынын президенти, UWW-Asia (Азия федерациясы) уюмунун аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев жана UWW-Asia уюмунун президенти Даулет Турлыханов кабыл алышкан.

Эки жаш курактагы чемпионаттын бир учурда өтүшү Кыргызстанда биринчи жолу болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз