Суббота, 18 мая

Тимур Файзиев Асман шаарын куруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинен бошотулду

0

Тимур Файзиев Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Файзиевдин ордуна Руслан Акматалиев дайындалды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз