Орусиянын Красноярск шаарынан Бишкекке жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
«Уральские авиалинии» авиакомпаниясы 20-апрелден баштап Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландап жатат. Ал жумасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарылат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул эле авиакомпания 10-апрелден баштап Иркутск — Бишкек — Екатеринбург багыты боюнча жүргүнчү ташый баштаган. Ал каттам бейшемби күндөрү аткарылат.