Пятница, 3 мая

Азербайжан Украинага жардам жөнөттү

0

Азербайжан Украина кризисинен улам Молдовага барган украиналык качкындардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам жөнөттү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 1 миллион 700 миң манаттан (1 миллион доллар) ашкан 29 тонна гуманитардык жардамды ташыган менен борбор шаар Бакудагы Гейдар Алиев аэропортунан учкандыгы белгиленди.

Азербайжан буга чейин да Украинага дары -дармек, медициналык каражаттар жана азык-түлүктөн турган 11,5 миллион еврого жакын 520 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз