Суббота, 20 апреля

Жапаров тендердик системаны жоюунун пайдаларын айтты

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына тендердик системаны алып салуу боюнча мыйзамдын артыкчылыктары тууралуу жазды.

Анын айтымында, быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыкканда дароо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алган.

«Дагы бир чуу жаратып жаткан иш боюнча билдирип коеюн. Быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыктым. Мектептер жок. Балдар шаарга келип окушат же жөө жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дароо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алдым.

Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ошол тендер деген немеге жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен.

Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен Мэрди дагы ал чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп 1 бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат. Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турушат.

Сентябрь эртең эле эле келет. Сапатын текшерип өткөрүп алабыз. Акча үнөмдөп сапатсыз салса жоопко тартабыз. Үнөмдөгөн акчасын 100 эсе кайтарабыз дегендей.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз болушат. Буга бир жарым миллиард сом акча бөлдүк.

Баса, жалпысынан алганда 60 миң квадрат метр курулуп жатат. Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү. Эгер тендер “тең бер” деген балээ менен кеткенибизде бул сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетмек. Кечээ тендерди жойуу боюнча мыйзамга кол койдум. Бир айдан кийин күчүнө кирет. Мындан ары “тең бер” деп коррупциялашуу жолу менен эмес, коррупциясыз иш алып баруучу механизмдер ишке кирет. Ар бир кабыл алган чечимибизди жети өлчөп бир кесебиз. Эч кам санабаңыздар», — деп жазган ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз