Четверг, 2 мая

АКШ Украинага курал-жарак берет

0

АКШнын 800 миллион долларлык соңку жардамынын алкагында Киевге жөнөткөн курал-жарактар жана башка коопсуздук каражаттар Украинага келе баштады. Бул тууралуу CNN телеканалы 17-апрелде АКШ өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден Украинага курал-жарактан турган жардамдын кошумча топтомун берүү чечимин бекиткен.

Телеканалдын маалыматына караганда, Вашингтон Украинага Ми-17 үлгүсүндөгү 11 тик учак, 155 миллиметрлик калибрдеги 18 гаубица жана 300 Switchblade дрону баштаган кубаттуу курал-жарак берүүгө алгач ирет макул болду.

Жума күнү АКШ Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы өкүлү курал-жарак жана башка керектүү каражаттар жүктөлгөн алгачкы каттам жакынкы күндөрү Европага жетип, андан ары Украинага өткөрүлөрүн айткан.

16-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский жергиликтүү медиаларга берген маегинде АКШ, Улуу Британия, Польша жана башка бир катар өлкөлөр украиналыктарды «кыйла жакшы» колдоп жатканын билдирген. «Бирок албетте мындан да көбүрөөк жардам бере алышат», — деген Зеленский.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз