Пятница, 17 мая

Автоунаанын айнектерин караңгылатуу үчүн акы канча болот?

0

Экономика министрлиги «Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитүү тууралуу» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Иштелип чыккан жобого ылайык, тонировка үчүн жылына 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин акы алуу сунушталууда:

Жеке адамдар үчүн 800 эсептик көрсөткүч (80 000 сом).

Юридикалык жактар ​​үчүн 1000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом).

резидент эместер үчүн 1200 эсептик көрсөткүч (120 000 сом).

Тонировкалоого уруксат берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесин аныктоону сунуштады.

Токтом долбооруна министрлер кабинетинин башчысы кол койсо, тонировкалоо үчүн каражаттарды төлөө жана чогултуу тартиби 1-июндан тарта күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз