Воскресенье, 19 мая

Быйыл Айт намазы Эски аянтта окулат

0

Бишкекте эки жылдык чектөөдөн кийин айт намазын Эски аянтта окууга уруксат берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Президенттик администрациянын имаратынын (мурдагы Өкмөт үйү) айланасынын бир чакырым радиусундагы тротуарларга жана жолдорго асфальт төшөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

«Азыркы тапта атайын техника менен асфальттын эски катмары алынып жатат. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквердин ирригациялык системасына капиталдык ремонт жасалды. Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы ирригациялык система жаңыланып, тротуары оңолду. Газон себүү иштери жүрүп жатат. «Эл достугу» скверин сугаруу системасына капиталдык ремонт жасалууда. Ошондой эле жарыктандыруу линиялары иретке келтирилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Орозо айт 1 же 2-майга туш келет. Азырынча муфтият так датасын айта элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз