Суббота, 20 апреля

Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашат.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз