Пятница, 3 мая

Коронавирустан каза болгондор катталган жок

0

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус дагы 2 адамдан аныкталды. Вирус жугузгандар Бишкек шаарында катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

«Ал эми бир суткада 10 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 341 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз