Пятница, 3 мая

Норвегия да Украинага курал берди

0

Норвегия Украинага 100дөй зениттик ракета жөнөткөнүн жарыялады.

Норвегиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Францияда жасалган 100гө жакын «Мистраль» абадан коргонуу ракетасынын Украинага жөнөтүлгөнү белгиленди.

Норвегиянын жаңы коргоо министри Бьорн Арильд Грам, «Мистраль» ракетасынын Украинага чоң пайда алып келе турган заманбап жана эффективдүү курал экенин билдирди.

Грам башка өлкөлөрдүн да Украинага ушундай курал системаларын жөнөткөндөрүн айтты.

Согуш башталгандан бери Норвегия Украинага 4000 зениттик курал жана аскердик техника берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский марттын аягында Норвегиянын парламентине жөнөткөн видео кайрылуусунда Ослодон абадан коргонуу ракеталарын талап кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз