Вторник, 7 мая

Ооганстанда «ТикТокко» жана PUBG оюнуна тыюу салынды

0

Ооганстанда талибдер TikTok социалдык тармагына жана PUBG онлайн оюнуна тыюу салды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Инамулла Самангани Твиттерге жазды. Ал белгилегендей, өкмөт Байланыш жана маалымат министрлигине жаш муунду жаңылыш жолго салып жаткан социалдык тиркемени жана онлайн оюнду жабууну тапшырган.

Кытайлык компанияга таандык TikTok — өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны 1 миллиарддан ашуун адам колдонот.

Буга чейин айрым эксперттер ал балдардын жана жаштардын психологиялык саламаттыгына кедергисин тийгизерин белгилешкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз