Четверг, 2 мая

Орусия 3 өлкөнүн консулдуктарын жапты

0

Орусия Балтика боюндагы 3 өлкөнүн Башкы консулдук жана консулдуктарын жапты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Латвия, Литва жана Эстонияга нота берилгени, Литванын Клайпеда, Латвиянын Лиепая, Даугавплис, Эстониядагы Нарва жана Тарту шаарындагы орус башкы консулдук жана консулдуктарынын жабылганы белгиленди.

Өз ара принцибине жана бул мамлекеттердин Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүнө байланыштуу Латвиянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдук жана Псковдогу консулдук, Эстониянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдук жана Псковдогу консулдук, Литванын Санкт-Петербургдагы башкы консулдук ишмердүүлүгүнө берилген уруксаттын кайтарылып алынганы айтылды.

Билдирүүдө бул миссиялардагы өлкөлөрдүн дипломаттары «персона нон грата» деп жарыяланганы, Орусиянын жараны болбогон административдик-техникалык персоналдар да «кабыл алынгыс» экени белгиленип: «Аталган адамдардын бардыгынын, өз өлкөсүндөгү орусиялык консулдуктун кызматкерлеринин чек арадан чыгуу үчүн берилген мөөнөттө Орусия Федерациясынын аймагынан чыгып кетүүсү талап кылынды»,-деп кабарланды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз