Пятница, 26 апреля

Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду

0

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалында япониялык Юка Кагамини жеңип, чемпион болду. Кармаш UWW сайтынан түз эфирден көрсөтүлдү.

Мелдеш Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүүдө. Спортчулар 76 килограмм салмакта күрөштү.

Айпери Медет кызынын салмагындагы (76) кыздар айлампа системасы менен күрөштү. Мындайча айтканда, Медет кызы биринчи турда 7:3 упайында жеңген Кагами менен кайра финалда кезикти. Кыргызстандык спортчу атаандаштарын жеңген сайын алгачкы каршылашына кийинки баскычтарга өтүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Финалдык кармаштын алгачкы мүнөттөрүндө Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок, андан кийин беттеш бирдей темпте жүрдү. Натыйжада Айпери 5:3 упай эсебинде жеңүүчү болду.

Быйыл чоңдор арасындагы Азия чемпионатына Айпери Медет кызынан тышкары Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова барган. Мээрим күмүш медалдын ээси болду, ал эми Тыныбекова килемге эртең чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз