Понедельник, 6 мая

Франция: Президенттик шайлоонун экинчи туру 24-апрелде өткөрүлөт

0

Францияда 24-апрель жекшемби күнү президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт. Калк президент Эммнуэль Макрон жана оңчул Марин Ле Пенди шайлоо үчүн добуш берет.

Шайлоо борборлорунда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00дө башталып 19:00дө аяктайт.

Чоң шаарларда саат 20:00гө чейин добуш берилет.

Изилдөө компаниялары шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын добуш берүү пункттары жабылгандан тарта бере башташат.

Шайлоонун расмий жыйынтыгын Конституциялык кеңешме 27-апрелде жарыялайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз