Воскресенье, 19 мая

Жээнбек Кулубаев ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койгону тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз