Суббота, 18 мая

«Интерньюс» медиа форум уюштурууда

0

«Медиа топтоо – 2022» индустриалдык медиа форуму 4-5-июнь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул тууралуу форумду уюштурган «Интерньюс» уюму кабарлады.

«Интерньюс» журналистика, кино, жарнама, контент жаратуу тармагында иштегендерди форумга катышууга чакырды.

Бешинчи жолу уюштурулуп жаткан форумда медиа туш болгон маселелерден сырткары, жаңы мүмкүнчүлүктөр, реклама, жаңы форматтарды колдонуу, пландаштыруу, команданы сактап калуу, балдар үчүн контент жаратууга байланыштуу тажрыйбалар, кейстер сунушталып, талкууланат. Ага жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбалуу адистер катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз