Суббота, 20 апреля

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

0

«Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен болгон жолугушууда.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда Жапаров менен Раев түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашууну тереңдетүү жаатында Кыргызстан менен ТҮРКСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелерди талкуулашкан.

Мамлекет башчысы Султан Раевди “ТҮРКСОЙ” Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктады.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев аны мындай жогорку кызматка дайындоо учурундагы колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын Түркия Республикасынын Бурса шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, мамлекет башчысы Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз