Вторник, 23 апреля

Украина: Соңку 24 саатта 400 орус аскерин жок кылдык

0

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын жалпы 22 миң 800дөй аскерин, 187 учагын, 155 тик учагын жана 970 танкасын жоготконун билдирди.

Орус армиясынын 24-февралдан 28-апрелге чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүү жасаган Украинанын Башкы штабы, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 400 аскерин жоготконун жарыялады.

Маалыматка ылайык, орус армиясынын жалпы 22 миң 800 аскери, 187 учагы, 155 тик учагы, 970 танкы, 2 миң 389 бронетехникасы, 431 замбирек, 151 ракета атуу системасы жана 71 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1688 унаа, 8 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 215 учкучсуз учуучу аппаратты жоготту.

Орусиянын Коргоо министрлиги 25-марттан бери жоготуулары жөнүндө маалымат бере элек.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз