Айт намаз 2-майда Бишкектеги Эски аянтта таңкы саат 06:00дө башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.
Айт намаздын программасы:
- 06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;
- 07:00-07:20 — Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
- 07:20-07:30 — Куттуктоолор;
- 07:30 — Айт намаз.