Вторник, 7 мая

Өз өмүрүнө кол салган жеткинчектер көбөйдү

0

Кадамжай районунда окуучу бала асынып алган абалда табылганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кадамжай райондук милициясына 2-майда саат 17:40тар чамасында Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну өзүнүн үйүндө асынып алган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, ушул эле аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, мал сарайына кирип, өзүн-өзү асып каза болуп калганын аныктаган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Каза болгон өспүрүмдүн атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан. Ал эми апасы Россияда миграцияда экендиги маалым болду.

Статистика боюнча Кыргызстанда ар бир төрт күндө бир жеткинчектер өз өмүрлөрүнө кол салышууда. Кыз балдар уул балдарга караганда эки эсе көбүрөөк өз өмүрүнө кол салышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз