Суббота, 18 мая

Видео. Арал-Миң-Куш жолун суу жеп кетти

0

Арал-Миң-Куш унаа жолунда жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунда жер көчүп, Миң-Куш дарыясынын жарымын басып калган.

Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралганына байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган.

Жерине дарыянын нугун тазалоо жана унаа жолду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин ыкчам тобу, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, 1 ХОВО унаасы тартылды.

Унаа жолдун агызып кеткен бөлүгүнө кум-шагыл төшөлүп, калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз