Воскресенье, 19 мая

Бишкек-Ош жолунда үрөй учурган кырсык болду

0

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, 10 жаран жабыркаган.

Агенттикке Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечээ, 2-майда саат 18.30дар чамасында Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош автожолунун 554-чакырымында Mitsubishi жана Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жеринде Mitsubishi автоунаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. жана Honda Stepwagon унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган А.Э. аттуу ымыркай алган жараттарынан улам каза болуп калышкан.

Ошондой эле Honda Stepwagon`дун айдоочусу жана 9 жүргүнчүсү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алып, райондук ооруканага жаткырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз