Пятница, 17 мая

Жапаровдун командасы чемпион болду

0

Бишкекте “Мурас” футболдук мелдеши жыйынтыкталды. 5-майдагы финалдык беттеште президенттин администрациясынын командасы Жогорку Кеңештин депутаттарын 7:3 менен утуп, чемпион болду.

Парламенттин командасы күмүш тагынса, үчүнчү орун үчүн футбол ардагерлеринин “Алга” жана дин кызматкерлеринин “Ыйман” командалары күч сынашып, пенальтиден 3:0 менен “Алга” коло байгени алды.

“Мурас” турнирине мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, дипломаттардын, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышты. Мелдеште президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекеттик кызматкерлер ойноду.

Эки күндүк турнирдин жабылышында бир миллион сомдук баш байге балдар жана карылар үйлөрүнө которулары жарыяланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз