Суббота, 11 мая

Украина үчүн 6,5 млрд. доллар каражат чогултулду

0

Украина үчүн жалпы дүйнө коомчулугунан 6,5 млрд. доллар каражат чогулду. Бул тууралуу  бейшемби күнү Варшавада өткөн эл аралык донорлордун конференциясында айтылды.

Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди. Чогулган каражат украиналыктарга гуманитардык жардам жана өлкөнү кайра калыбына келтирүүгө багытталган.

Конференцияда видеобайланыш Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланышка чыгып сүйлөдү. Ал бийлик согуштан кийинки жапырт калыбына келтирүү планын түзүп жатканын айтты. Киев экономика мектебинин алдындагы KSE Institute аналитикалык борборунун эсеби боюнча, Украинанын согуштан берки чыгымы азыркы тапта 600 млрд. долларга чукулдап калды.

Варшавадагы жыйындын соңунда сөз сүйлөгөн Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөнү кайра калыбына келтирүүдө негизги булак Орусиянын каражаты болушу керектигин белгиледи.

«Жарым-жартылай биздин өнөктөштөр, калганын өз бюджетибиз каржылайт. Негизги каражаттын булагы агрессордун акчасы болууга тийиш. Азыркы тапта Орусиянын болжол менен 300 млрд. доллардай активинин эсеби жабылган. Эгер орус олигархтарынын бул каражаттарын кошсок, 500 млрд. доллар чыгат”, — деди Шмыгаль.

Анын айтымында, Украин бийлиги Орусиянын эсеби жабылган каражаттарын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Согуш башталгандан бери Украина эл аралык коомчулуктан курал-жарак жана накталай каражат түрүндө 12 млрд. доллардык жардам алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз