Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Өлбөс полктун” жүрүшү өтүүдө.
Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланат.
Өз кезегинде, «Өлбөс полк» иш-чарасы Бишкектен сырткары, Ош, Жалал-Абад, Кемин, Каракол, Кара-Балта жана башка калктуу конуштарда өтүүдө.
Эске салсак, Кыргызстан биринчи жолу “Өлбөс полк” акциясына 2012-жылы кошулуп, жүрүш Ош шаарында өткөн. Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда акыркы эки жылдан бери «Өлбөс полк» акциясы онлайн режиминде өтүп келген, бул ирет жүрүш кадимки режимде өтүүдө.