Вторник, 14 мая

Мугалимдердин маянасы азаябы?

0

Сентябрь айында мугалимдердин айлыгы азаят деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрлик сентябрь айында да мугалимдер жогорулаган эмгек акыны ала турганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.

Министрлер кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү, ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Ошону менен бирге тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмүн окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелерин билдиребиз», — деп айтылат Билим берүү министрлигинин маалыматында.

Андыктан, 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта мугалимдердин эмгек акысы азыркы деңгээлде сакталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз