Пятница, 19 апреля

Видео. Суучулдар сууга аккан кишини издеп жатышат

0

14-майда аба ырайынын кескин төмөндөп, жаан жааганына карабай Бишкек – Ош жолунун 154-чакырымында жайгашкан ӨКМдин куткаруучулары топ-топко бөлүнүп, 11-майда сууга түшүп кеткен Бакир Исаковду Суусамыр дарыясынан жана жээгинен издеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 22 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул тартылган.

Белгилей кетсек, 11-майда Жайыл районунда Суусамыр суусуна 1980-жылы туулган Бакир Исаков аттуу эркек киши түшүп кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз