Четверг, 2 мая

Ысык-Көлдө эл аралык марафон башталды

0

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды. Ага 22 өлкөдөн келген 3 миңдей жөө күлүк катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Марафонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон Ысык-Көлдө өтүп жатканын белгиледи.

«Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз», — деди ал.

Марафондо катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшөт:

Марафон — 42 чакырым 195 метр;

Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;

10 жана 3 чакырым;

3 чакырымга скандинавиялык басуу;

10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Марафондун байге фонду 1 млн. 534 миң сомду түзөт.

Спорттук иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз