Воскресенье, 12 мая

Баткенде журналисттин өлүмүнүн себеби аныкталды

0

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча экспертизанын бүтүмү чыкты. Бул тууралуу  блогер Батма Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, судмедэкспертизанын жыйынтыгы боюнча журналист астмадан улам жүрөгү кармап каза тапты.

«Бул деген айыпталуучу Батма Жолболдуеванын анын өлүмүнө тиешеси жоктугун билдирет. Менин пикиримде, врач-ординатор туура эмес диагноз койгон. Дарыгерлер убакытты текке кетиришкен. Эгер ага жүрөгүн эске алып, жардам көрсөткөндө куткара алмак», — дейт Назгүл Сүйүнбаева.

Эскерте кетсек, Арзыгүл Галымбетова 26-мартта каза тапкан. Анын өлүмүнө айыпталып блогер Батма Жолболдубаева кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз