Понедельник, 13 мая

Ала-Тоо аянты 24-майга чейин жабылды

0

Бишкекте «Ала-Тоо» аянты бир аптага жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.

Белгилей кетсек, башкы аянттын автоунаа өткөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылганы айтылган.

Учурда Чүй проспектинин Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болгондуктан шаардын чок ортосунда ири тыгын жаралды. Мындан улам Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга маршрутту алдын ала пландап алууну эскертүүдө.

Буга чейин мэрия министрлер кабинетинин буйругу менен муниципалдык ишканалар Өкмөт үйүнүн айланасындагы (ал жерде президенттик администрация да жайгашкан) бир чакырым аймакты жакшыртып жатканын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз