Пятница, 22 ноября

Депутаттар “Дастандын” Ширшовдун досуна өтүшүнө нааразы

0

Парламенттин айрым депутаттары «Дастан» заводунун Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилишине каршы чыгышты.

Буга чейин министрлер кабинети Санариптик өнүктүрүү министрлигине Megacom, «Кыргыз телеком» ишканаларын, жана «Евразия сактык банкы» менен катар «Дастан» заводун өткөрүп берген.

Эл өкүлү Дастан Бекешев былтыр парламентте Megacom менен «Евразия сактык банкын» менчиктештирүү токтому чыгарылганын эске салып, алгач бул чечимди жокко чыгаруу керектигин айтты.

«Алексей Ширшов менен санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов дос. Экөө тең мурда «Дастан» заводун жетектеген. Курал, торпедо чыгарган заводду data-борбор ачабыз деп министрликке берип жатышат. Аны Megacom же «Кыргыз телекомдо» деле ачса болот да», — деди Бекешев.

Депутат Жанар Акаев болсо, «Дастан» заводунун Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне тиешеси бар экенине кызыкты:

«Алексей Ширшовдун оң колу, шопуру Талант Имановго төрт мекемени өткөрүп берди. 3 миллион абоненти бар Megacom менен 300 миң кардарды тейлеген «Кыргыз телеком» макул, багыты бир экен. Торпедо, ок-дары чыгарган заводдун, банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне тиешеси бар? Ушундай токтомду жокко чыгарыш керек», — деди Акаев.

Ал эми Улугбек Ормонов Data-борбор үчүн «Дастан» заводун Санариптик өнүктүрүү министрлигине кошуп жатабыз деген нерсе адамдын күлкүсүн келтирээрин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз