Четверг, 9 мая

Конокту түрк кофеси менен сыйлоо өзгөчө мааниге ээ

0

Мындан 500 жыл мурда Осмон дөөлөтүнүн аймагына кирген жана ылдам жыйылган түрк кофесинин түрк маданиятында маанилүү орду бар.

16-кылымдын башында, Кануни Султан Сүлейман мезгилинде, Египет жана Хижаз аймагынын каратылышынан кийин кофе Йемен жолу аркылуу Стамбулга келет.  Кыска убакытта бир гана падышанын сарайында эле эмес, эл тарабынан да жактырылат жана кофеканалар Осмон мамлекетинин бардык тарабына жайылат. Китеп жана ырлар окулган, адабият тууралуу маектер уюштурулган, шахмат ойнолгон жерлерде кыска убакытта Осмон мамлекети мезгилинин эң белгилүү жана сыйлуу тамагына айланган.

Ушул эле мезгилде Түркияга  келген венециялык соодагерлер кофе менен таанышат. Ошондон баштап түрк кофеси Осмон мамлекетинен Европага, ал жерден да дүйнөгө жайылат. Бирок түрк кофеси даярдалышы жана сунулуш формасы менен дүйнөдөгү бардык кофелерден айырмаланып турат.

Кофе тартуулоо түрк салтынын эң негизги элементтеринин бири. Түрк кофеси үйлөнүүдөн мурда аткарылган салттардын өзгөрүлгүс бир бөлүгү. Келген конокторго сөзсүз түрдө түрк кофеси берилет.  Бай маданий негизге таянган түрк кофеси 2013-жылы ЮНЕСКОнун «Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы тизмесине» кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз