Пятница, 19 апреля

Сүрөт. Индияда абанын табы 50 градуска жетти

0

Климаттык алмашуу Индиянын түндүк  батышында жана Пакистанда абанын табын 100 пайызга жогорулатты. Өткөн жумада абанын табы 48,5 градуска жетти.

Британиянын Улуттук аба ырайы кызматынын изилдөөсүндө климаттык алмашууга  байланыштуу Индиянын түндүк-батышында жана Пакистанда абанын температурасы мындан да жогорулашы мүмкүн экени айтылды.

Климаттык алмашуу болбогондо, акыркы мезгилде эки өлкөнүн айрым аймактарында 50 градуска жеткен экстремалдык температура 312 жылда бир болоору айтылды.

Изилдөөдө ушул кылымдын акырына чейин Индия менен Пакистанда дээрлик жыл сайын ушундай жогорку температуралардын болушу күтүлөөрү билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз