Пятница, 26 апреля

Кыргызстанда 111 жеке клиника жабылат

0

Кыргызстанда лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык клиника жабылат.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

6-апрелдеги буйруктун негизинде жеке медициналык уюмдардын лицензиялык талаптарга жооп берер-бербесин текшерүүчү комиссия түзүлгөн. Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы 370 клиника текшерилген.

«Лицензиянын жоктугу, уруксатсыз жүргүзүлгөн медициналык ишмердүүлүк, даректин дал келбеши сыяктуу фактылардын негизинде кабинет/клиниканы жабуу боюнча 111 акт түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми инфекциялык текшерүүнүн стандарттарына туура келбеген 148 жеке клиникага мыйзамга ылайык айып салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз